Атамбаев: “Кыргызстан кедей мамлекетттердин катарынан чыкты”

Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев КТРКгаберген интервьюсунда билдирди.
“Чындыгында биз коңшулардан алдыга чыгып кеттик. Кайрадан эле өзүңөрдүн ишиңер, башкача бир кайра карап көрсөңөр. Кыргызстандын мактана турган деле көп жерлери бар да. Мына быйыл Дүйнөлүк банктын өкүлү Александр Кремер кетип жатканда бир интервью берди, окуп калдым. Ошондо айтыптыр, акыркы төрт жылдын ичинде жасалган нерсе, Кыргызстан мындай жакшылыкка жетишээрине эч ким ишенбейт эле дептир. Таң калаарлык ийгилик дептир. Экинчиден быйыл элибиз байкабай калды, телевидение, гезиттер маани бербей калды. Быйыл расмий түрдө бизди Дүйнөлүк банк, чет элдик финансылык уюмдар Кыргызстанды кедей мамлекеттердин тизмесинен чыгарып салды. Эми Кыргызстан өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин тизмесине кирет деп чечим чыгарды”-деди А.Атамбев.

Булак: http://kabar.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*