Келечек муун үчүн жоопкерчилик

Тааныштарым менен Абу Даби шаарындагы кафелердин бирине түштөнүү үчүн кирип калдык. Кафенин төр жагындагы бош орундарга барып жайгашаарыбыз менен эле курбуларымдын бири чылымын күйгүзүүгө камданып калды. Ал аңгыча болбой тыкан, таза кийинген, сылык сыпаа, өз ишине жоопкерчиликтүүлүгү ар бир кыймыл-аракетинен көрүнүп турган официант кыз жетип келип тамеки чегүүгө болбой турганын айтты. Курбум эмне себептен экенин сурады. Официант жылуу жылмайуусу менен аркы капталда ата-энеси менен бейкапар тамактанып отурган 3-4 жаштагы кичинекей баланы көргөзүп койду.

Келечек муунга ушунчалык жоопкерчиликтүү мамиле кылышканына суктанып , тиги мотурайган бөбөктүн акылы тунук, дени сак, пайдасыз адаттардан алыс, мыкты тарбия менен бой тартып калган кезин элестетип турдум…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*