Баткен облусунун Ак-Турпак аймагында ири өлчөмдөгү газ табылды

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагында кытайлык инвесторлор табигый газдын ири өлчөмдөгү корун табышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз билдирди. Анын маалыматы боюнча, кытайлык инвесторлор учурда бул аймактан газдын алты кудугун иштетүүгө даярдап коюшкан. Алар мындай иштерди жүргүзүүгө 50 млн доллар инвестиция жумшашкан. Болгону жер астындагы газды чыгарып, тазалап, көгүлтүр отунга айландырып кайра иштетиш керек. Ошондой эле алар газ чыккан аймакка жакын Өрүкзар айылына газ түтүктөрүн жеткиришкен. Эгер жергиликтүү бийлик органы же башка тараптар газды элге бөлүштүрүп берүү кепилдигин моюнга алышса, анда ошол замат эле көгүлтүр отун менен камсыз кылууга даяр.
Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчынбай Төралиевдин айтуусунда, алдын ала маалымат боюнча, 500 млн метр куб газдын бар экендиги аныкталган. Ал бүтүндөй Баткен жана Ош облусттарынын элин газ менен камсыз кылууга бир нече жылга жетет. Эгер каражат табылса, эң оболу Ак-Турпак жана Дара айылдары аркылуу 60 чакырым аралыктагы Баткен шаарын газдаштырууга болот. Учурда бир гана маселе, керектүү жерге түтүк орнотуп, газды жеткирүү кепилдигин моюнга алган юридикалык тараптар керек. Эгер ушул жагдайлар чечилсе, келечекте Ош шаарын да толук бойдон газ менен камсыздоого болорун кытайлык инвесторлор айтып жатышкандыгын кошумчалады кабарчыбыз.
Белгилей кетүүчү жагдай, ушул жуманын башында КРнын президенти Алмазбек Атамбаев УТРКга берген интервьюсунда Баткен облусунун аймагында өлкөбүздүн түштүк аймагын 5-10 жыл газ менен камсыз кыла турган кору табылгандыгын айткан болчу. Мамлекет башчыбыз мындан тышкары Кызыл-Кыядан көмүрдөн синтетикалык газ алуу үчүн чет элдик инвесторлор 200-300 млн доллардын тегерегинде каражат жумшап жатышкандыгын, бул келишимге декабрдын ортосуна чейин кол коюларын да айткан.

Түп нускага шилтеме: kyrgyzkabar.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*