Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулду

Бүгүн, 2014-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттары менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:
Абу-Даби шаарында жайгаштыруу менен Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
– республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечүү;
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Түп нускага шилтеме: kabar.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*