Бишкекте аскерлер үчүн көп кабаттуу үй курула баштады

Бүгүн, 4-декабрда Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын аскер кызматчылары үчүн 209 батирлүү 12 кабаттуу жаңы үйдүн пайдубалын курууга капсула салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жайдын пайдубалына капсула салуу аземине Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев, өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов жана башкалар катышты.

Айта кетсек, турак жайдын курулушун 2017-жылы бүтүрүү пландалууда.

Түп нускага шилтеме: super.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*