Кыргызтест ишин баштады

Жаңы иштелип чыккан Кыргызтест системасы бүгүн биринчи жолу ишке киргизилип, мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тили боюнча билим деңгээли текшерилди. Биринчи болуп президенттик аппараттын 15 кызматкери мамлекеттик тил боюнча тест тапшырды. Муну менен катар системанын иштеши да сыналды. Мында биринчи этапта кызматкерлер алгач өздөрүнүн деңгээлин аныктайт да, ошого жараша тесттин суроолорун алат. Тесттер лексика-грамматика, окуу, угуу, жазуу жана сүйлөшүү боюнча түзүлгөн. Ага 2 саат 45 мүнөт берилет. Бирок тесттин жыйынтыктары жарыяланбайт жана ал тест тапшырган кишиге гана маалым болот. Белгилей кетсек улуттук “Кыргызтести” эл аралык тесттердин үлгүсүндө Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Президенттин тил саясаты боюнча жарлыгына ылайык, бул долбоорду жүзөгө ашырууга алгач 2.5миллион сом, кийинчерээк 4.5 миллион сом бөлүнгөн.

Булак: http://ktrk.kg/ky/content/kyrgyztest-ishin-bashtady

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*