Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Жаштар борбору ачылат

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында бүгүн, 10-декабрда Жаштар борбору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Борбордун ачылышына аталган министрликтин жетекчиси Алиясбек Алымкулов катышат. Борбордун максаты – жер титирөөдөн жабыркаган Тоң районунун тургундарына жардам берүү, жаштарды бириктирүү жана алардын убактысын пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө шарт түзүү. Анда жаштар компьютерди өздөштүрүү, чет тилдерин үйрөнүү, түрдүү долбоорлорду жазуу жана тренинг, семинарларды өткөрүү менен алектенишмекчи.
Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 44 Жаштар борбору иштеп жатат.

Түп нускага шилтеме: super.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*