Ошто электрондук китепкананы ишке киргизүү пландалууда

Бүгүн, 16-декабрда шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №16-мектеп-гимназиясында өткөн “Байлыктын баары китепканада” аттуу семинарда шаардагы мектептерде электрондук китепкананы иштетүү боюнча талкуу болуп, алдынкы күндөрдө ишке киргизүү пландары айтылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Азыркы технология өнүккөн заманда электрондук китепкананын окуучулар үчүн бир топ артыкчылыктар менен кошо жеңилдиктер болору жана мектеп окуучуларынын китеп окууга болгон кызыгуусу алдыга жылары да белгиленди. Семинардын жүрүшүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата окуучулар тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече коюлду. Ошондой эле китеп окуу сынагы уюштурулуп, женүүчү окуучулар адабий китептер менен сыйланды.

Жыйынга шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана аталган башкармалыкка караштуу бардык мектептин китепкана жетекчилери катышты.

Түп нускага шилтеме: super.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*