Тербишалиев министр болуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев эмгек, миграция жана жаштар министри болуудан баш тартканын бүгүн маалымат жыйында билдирди. Эл өкүлү өзүнө ишеним көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, бирок бул министрликти кыскартуу зарылдыгын айтты. “Бир гана Жаштар министрлигин эмес, бюджеттик каражатты экономдоо үчүн айрым мамлекеттик органдарды кыскартса болот эле”, – деп билдирди депутат.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине депутат Данияр Тербишалиевдин талапкерлигин сунуштаган. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов өткөн жума соңунда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Түп нускага шилтеме: azattyk.org

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*