“Мен мекениме керекмин!”

Алгачкы барактарынан эле китепке жипсиз байланып калдым. Көзүмдү алууга мүмкүндүк бербей, каармандардын башынанан өткөргөн тагдырын жон терим менен сезүүгө мажбурлаган таасирдүүлүгү, чыгарманын аягына жетелеп отурду. Окуп жатып аябай толкундандым, тынчыздандым, түйшөлдүм, ыйладым, суктандым, сүйүндүм, жиндендим, корктум… Ар кандай эмоционалдык абалдардын ташкынында “чайпалып” отуруп соңуна чыккан кезде жан дүйнөмдү уялаган тынчтыкта өзүмдү абдан дымактуу, ишенимдүү сезе түштүм. Бул менин “Мекенди сүйүү” деген сезимдин улуугун, анын эч нерсеге майтарылбаган күчүн, адамдын жаны менен кошо бүтүп, каны менен кошо жүрөгүндө оргуштап турган ыйык сезим экенин түшүнгөн кезим болчу.

Мен сөз кылып жаткан ооган жазуучу Халед Хоссейнинин “Жаркырап тийген күндөр” аттуу китеби.Чыгармада бир кездеги тынч, бейпил Ооганстандын орус аскерлери кирип келгенгенден кийинки алааматтуу жылдарында жашаган Мариам жана Лайла аттуу эки аялдын тагдыры баяндалат.

Мариам – “чөнтөгү калың” ишкердин үй кызматчысынан төрөлгөн “мыйзамсыз кызы”. Атасынын куру намысынын айынан Мариамдын балалыгы эл көзүнөн далдааланган, шаар четиндеги обочо жерде жайгашкан кичинекей, жупуну кепеде өтөт. Таттуу балалыкта чогуу ойной турган коңшу колоңдогу досторунун ордунда тооктор… Ал теңдүү башка кыздардыкындай куурчактардын ордунда өзү короодон тандап терип алган шагыл таштар… Мектепке барып, кат таануунун ордунда апасы Нананын түгөнбөгөн жемеси…Мариам мына ушундай коомдон узакташтырылган, кысталыш турмушта бой тартат.

Лайла – болсо тескерисинче, борбор шаар Кабулдагы билимдүү, мугалимдин эрке кызы. Эч нерседен кем болбой, мектептен билим алып, ата-энесинин мээримине бөлөнүп, бардар турмушта чоңоет. Бир тууган агалары бар, мектепке чогуу барып, чогуу ойногон достору бар, сүйгөн житити бар.

Ушундай бейпил күндөрдүн биринде орус аскерлеринин Ооганстанга кириши менен ага каршы тараптардын куралдуу кыймылы, анан аларга каршы саясий күчтөрдүн тополоңу болуп отуруп, тутанып кеткен жарандык согуш Кабулдун бейпил турмушун бузат. Ар кайсы жерде аягы басылбаган жардыруулар, асманда чуулдаган октордун үнү…Үйүнөн, баласынан, ажыраган адамдар, ата-энесин жоготкон жетим балдар…Аргасыздыктан тынчтык издеп миллиондогон оогандыктар Пакистан, Иранды көздөй агылат.

Мына ушундай апаат күндөрдө бири-бирине эч окшобогон, таптакыр эки башка турмушта чоңойгон, таптакыр эки баша түшүнүктөгү, эки башка аң сезимдеги Мариам менен Лайланын турмушу бир жерден кошулат…

Мындан аркысын айта турган болсом бул чыгарманы окуйм дегендерге кызыгы кетип калышы мүмкүн. Андыктан чыгарманын жеке мага берген сабагы тууралуу айтайын.

Көрсө адамды бийик кылган асыл сапаттарды, мекениме кызмат кылам деген аруу тилек максаттарды эч бир жамаңдык жеңе албайт экен. Адам деген атка татыктуу болууну самаган “асылдарды” кан күйгөн согуш да, кабыргаңды кайыштырган оор турмуш да, ачарчылык да, жокчулук да, Талибандардын акылга сыйбас, айоосуз кордугу да, кызыл камчы, чоң муштум, ташбоор “адам сымалдардын” жан чыдагыс зомбулугу да майтара албайт экен. Ал тургай, ата-энеден, бир туугандардан, жакын достордон, сүйгөн адамынан ажыроо сыяктуу орду толгус оор жоготуулардын жанга баткан азабы да аларды майыштыра албайт экен. Жакшы ниет менен жаңы үмүт баардык кыйынчылыктарды жеңет турбайбы! Бул нерселерди мен “Жаркырап тийген күндөр” сүйүктүү каармандарымдын жашоосунан көрдүм.

Лайла кандай гана кордукту көрбөдү, кандай гана татаал жолдорду басып өтпөдү. Бирок адамдыгын жоготподу, туулуп өскөн Ата-Журтуна болгон сүйүүсүн бөксөртпөдү! “Мен мекениме керекмин!” деп, дагы деле октордүн үнү басылбаган, тынчтыктан кабары жок, ар кандай баш аламандыктардын, жакырчылыктын чынчырына тушалып калган Мекенине эки чүрпөсүн алып кайтып келет!

(Бул китеп кыргыз тилине которулбагандыктан өзүмдүн түшүнүгүм боюнча  эле англис тилинен “Жаркырап тийген күндөр”” деп сөзмө сөз, түз которуп койдум. Менин котормом так, толук маанисин камтыбашы мүмкүн.  Келечекте бул китеп профессионалдуу адистер тарабынан так, туура которулат деп үмүт кылам.)

One Reply to ““Мен мекениме керекмин!””

  1. Ооба, чындыгында сонун чыгарма. Былтыр түркчө котормосун (Bin MuhtesemGunes) окуп абдан таасирленгtн болчумун.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*