Кандай “сүтпүз”?

Aкыл эс тартып  калгандан бери эле жашоосуна нааразы, начар турмушуна кимдир бирөөнү күнөөлөгөн кейиштүү адамдарды көп жолуктурам. Менде суроо жаралат. Эмне себептен кыргыздар канааттанбаган нерсесине ар дайым башка бирөөлөрдү күнөөлөй берет? Эмне себептен бул көрүнүш аял, эркек, жаш, кары дебей баарына мүнөздүү болуп калган? Күнүмдүк жашообуздан айрылгыс адатка айланып калган президентти, депутатты же  министрди күнөөлөө буга бир мисал. “Мен төлөгөн салыктан курсак байлап, эч нерсе кылбай же ордун бербей отурат! Ал депутат андай, бул депутат мындай, тиги министр баланчадай….” деген сыяктуу аягы жок, ары жок сындар… Билген терс сапаттардын баарын аларга жабыштырып, аларга карата эң ыпылас сөздөрдү колдонуп ооз кирдетмей…

Менимче, президент, министр, депутаттар күнөөлүү эмес. Биз ӨЗҮБҮЗ күнөөлүүбүз.  Коомдум элитасы делген бийликтегилер – кыргыз коомчулугунун каймагы. Каймак сүткө жараша болот. Сапаты, даамы, түсү, жыты баары сүттүн өзүнө байланыштуу. Биз каалагандай бал каймак чыкпай атса, демек, сүт майсыз, даамсыз, суюк экенин кабыл алууга мажбурбуз. “Президент эмне кылып кыйратты, ал, бул, тигил депутат эмне кылып жарытты?” дегенден мурда ар бирибиз  өзүбүзгө “Мен мекеним үчүн эмне кылдым?” деген суроону узатсак  жакшы болор эле. Кандай  “сүт” экенибизди өзүбүздүн жообубуздан тапмакпыз…

Адамдын өзүндө кандай кемчилдик болсо, башкалардан биринчи кезекте ошол кемчиликти көрөт дептир улуу аалымдардын бири. Мухаммед (с.а.в) пайгамбардын дагы “Силер кандай болсоңор, ошондой башкарыласыраң” деп айтканы бар экен.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*