Мекендешибиздин жүрөгүн үшүтпөйлү

Бүгүн жаңылыктарды карасам баардык сайттар Жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилинин алынышы тууралуу кабарды позитивдүү өңүт менен жазышыптыр. Бирок бул кабар мени кабатырлантты, аябай капа болдум. Мендей эле Кыргыстанда туулуп, Кыргызстанда өсүп, Кыргызстандын суусун ичип, тузун тартып, бир түндүк алдында Кыргызстан деп жашап жаткан өзбек бир тууганымдын ордуна өзүмдү коюп көрдүм. Оор экен… Кыргызстан деп соккок жүрөк муздай түштү…

Өзбек тилинин ЖРТдан алуунун максаты эмне экенин көп ойлонуп түшүнө албадым. Текерисинче, мунун пайдасынан зыяны көбүрөөк болоорун болжоп жатам. Чындыгында максаты эмне? Каражат үнөмдөөбү? ЖРТны мамлекет өзү эмес, башка булактардан каржыланган уюм өткөрөт. Каражат кетсе, ошол  уюмдын капчыгынан кете берсин. Өлкө бюджетине кыпындай ысык-суугу болбойт. Ашыкча акча кетет деген күндө деле, ал канча болушу мүмкүн? Кыргыз-өзбек достугу менен ал каражатты таразаласак  эч нерсеге арзыбаган тыйын-тыпыр гана болуп калат.

Же мунун максаты кыргыз тилин өнүктүрүүбү? Эгер мунун артында ушундай  максат болсо, демилгечилерге “Акылыңарга баракелде” деп айтат элем. Артык кылам деп, тыртык кылып салганыңарды аз убакыттан кийин эле өзүңөр байкайсыңар. Өзбек туугандардын эне тилине байланыштуу чектөө киргизип, ыңгайсыздык, тоскоолдуктарды жаратуу менен кыргыз тилин үйрөнүүгө эч качан шыктандыра албайбыз. Кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждык жаратуу аракети болушу мүмкүн. Тилекке каршы бул максат да суу кечпей калат. Себеби, алар ЖРТ тапшыруу үчүн ойлонбой туруп орус тилин тандап алышат. Муктаждык жаратуу максаты болсо, анда ЖРТдан орус тилин да алып салуу керек болот. ЖРТны өзбек тилинде тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөрдүн саны өтө аз болгондуктан алынып салынды деген мааниде түшүндүрмө берилиптир. Бирок, бул өз эне тилинде сынак тапшырууну каалаган өзбек мекендештерибиз жок дегенди билдирбейт да. Өзбек тилинде тапшырууну каалаган бир эле киши болсо дагы анын талабы орундатылыш керек. Миң кишиникиндей эле бир кишинин да укугу бар. Балким, ошол жалгыз бүтүрүүчү  кыргыз-өзбек ынтымагын бекемдеп, достукту гүлдөтө турган “келечектин баатырыдыр.”

Түйшөлгөнүм, мунун артынан мен биримдикке, толерантуулукка, диалогго эмес, бөлүнүүгө алып бара турган бүдөмүк жолдун учун көрүп турам. Бир туура эмес кадамдын артында экинчиси бар экени шексиз. Башталышында байкалбаганы менен, жаңыдан гана мектепти аяктап, чоң турмушка зор үмүттөр менен кадам таштап жаткан өзбек тектүү кыргыз жарандарынын аң-сезими ошол “айры” жолго багытталып калышы мүмкүн.

Жеке пикиримде, көп улуттуу Кыргызстан калкына биримдик, ынтымак  аба менен суудай керек. Андыктан кайдыгерликке алдырбай, колдон келишинде биримдик менен ынтымактын жолун издесек деген сунушум бар. Ансыз деле, бизде бириктире турган “миңдер” бар. Динибиз бир, тилибиз бир (кыргыз, өзбек тилдери түрк тилдеринин катарына кирет), үйүбүз бир (Кыргызстан), максатыбыз бир (тынчтык жана ынтымак), келечегибиз бир…Бул нерселерди миңге чыгарууга болот.

Ушул жерден мен көргөн чыныгы толерантуулуктун иш жүзүндөгү мыкты үлгүсүн бөлүшкүм келип турат. Сингапурда коомдук жайларда, транспорттордо, көчөлөрдө баардык нерсе англис, кытай, малай анан хинду тили болуп төрт тилде жазылып турат экен. Жергиликтүү калк кытайлар менен малайлар, англис тили – эл аралык тил,түшүнүктүү. Мени таң калтырганы хинду тили болду. Сингапурда туруктуу жашаган индустар дээрлик жокко эсе. Бирок жумуш издеп Сингапурга барган индиялык эмгек мигранттары кыйла эле бар. Калктын 3%ын түзөт экен. Карасаңыз, акча табуу үчүн барган убактылуу мигранттарды сыйлап, алдыдагы тагдырын чече турган мамлекеттик сынак бул жакта турсун, жөнөкөй эле күнүмдүк турмушка керектүү маалыматтарды, кулактандыруу, эскертүүлөрдү алардын өз эне тилинде жазып жатышат. Мына толерантуулук, диалогду бекемдөө аракети. Чындыгында суктанаарлык. Ал эми, Кыргызстандын өзбек тилдүү жарандары жалпы калктын 15 %ын түзөт…

Сөзүмдүн аягында айтайын деген бир сунушум бар. Муздай түшкөн жүрөктөр ошол бойдон калып, музга айланып кетпеш керек. Жалпы республикалык тестирлөөнү кыргыз тилинде тапшырган өзбек тилдүүлөр үчүн ЖОЖго тапшырууда жеңилдиктер, артыкчылыктар каралса жакшы болмок.

3 thoughts on “Мекендешибиздин жүрөгүн үшүтпөйлү

  1. Nura kalem, balkim oz oyunguzda gumanduu biri bolup korungunguz kelgen chygar. Birok, siz misaly Ozbekstanga baryp korunguz, je kyrgyzdar kop jawagan mamleketterdegi kyrgyz tilinin abalyn korunguz. Menimche, joop aldyngyz boluw kerek. P.S. hind tuuraluu ayta ketsem, bul jerde ech kanday meymandostuktun tamgasy da jok, al biznes!!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*