Салижан агайдын сабактары

Кыргыздардын акылын да, аң-сезимин да, колу-бутун да тушап, өнүүгүсүн өргө чаптырбай, артка сүйрөп келе жаткан көйгөйлөрдү Салижан Жигитов мындан 15-20 жыл мурун эле мурчу менен кошо курч айтып койгон экен. Бизчилеп баш-аягы жок какшай бербей, эң маанилүүсү, маселени чечүү жолдорун так көрсөтүптүр. “Сакенин сабактары” түрмөгүндө Салижан Жигитовдун билим-илим, интеллигенция, тил, кыргыздар жөнүндө айткан  таамай сөздөрү топтолду.

Билим жөнүндө

“Чала окуган киши такыр окубаган кишиден миң эсе коркунучтуу. Себеби, акыл эмгегине да, күч эмгегине да көнбөй калган.”

“Чыныгы билими жок, бирок диплом алып алган кишиден өткөн коркунучтуу адамды көрө элекмин. Билимдүү кыргыздын көбү ошондой.”

“Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт.”

“ЖОЖдордо көбүн эсе кара жумуштан качкандар окуйт. Кара жумушка айына 1000 доллардан төлөп койчу студенттердин, ал тургай чиновниктердин баары ошол жакка качмак.”

“Жакшы жашаганга жардам бербеген билимдин баштарда уялап жүргөнүнөн кандай ийги, кимге кереги бар, билимдеп аталууга кандай акысы бар?”

“Жогорку окуу жайы дегенде да түбүнөн карап, азыркы абалыбыз кайсы, кайсы билимди кайсы тил аркылуу алабыз, ал билимди ким берет, алган билимибиз жашоого жардам береби, жокпу деген сыяктуу  ой чайкаш зарыл болуп турат.”

“Биз  техникалык илимдерге жол берип, математика, физика жагын алдыга коё беришибиз керек. Практикалык агрономия, биологоя, зоология, ветеринарияга үйрөтүүбүз зарыл. Мектептен баштап ушуларды окутууга, кыскасы турмушка даярдоого тийишпиз. Турмушка жардам бере турган сабактарды көбөйтүшүбүз керек.”

“Бекер окутуу капитализмге өтүп алып, социализмдин артыкчылыгын сактап калуу деген кеп.”

Интеллигенция жөнүндө

“Интеллигенция – улуттун башы, жөнөкөй эл – денеси”  деген  экен Маркс. Кыргыз интеллигенциясы начар, чала сабат, чала билимдүү болуп атпайбы. Кыргыздын бир шору ушул.”

“Биздикилер үчүн диссертация жазуу орус илимине деле, кыргыз илимине деле пайдасы бары күмөндүү. Интеллектуалдык эрмекке, илимий даража-наамдарга жетип, айлык көбөйтүү, аздыр көптүр кадыр – барк табуу амалына айланып калган.”

“Кара букарабыз дагы, интеллигенциябыз дагы бышып жетиле элек. Жалпы кыргыз үчүн орток мүдөө көздөгөн, жалпы улуттук аң-сезим ташыган кишилер аз.”

“Жалаң эле өкмөткө өлүк артып “бер эле бер” деп бечел балага окшоп кыйкыра берүү туура эмес.  Мына илимоздорду алалы: “Бер эле бер” деп кыйкырып атат. А өзүң эмне берип атасың деген киши жок.  Канча физик жүрөт, автоматика институту бар, бирок автоматташтыра турган эч нерсебиз жок болсо эмне дейбиз? Физика дейбиз, автоматика дейбиз , малдын кыгын чыгара турган электр күрөк жасап бере албасак эмне дейбиз?”

“Тил билбегени жагынан биздин интеллигенция дүйнөдө биринчи орунда болсо керек.”

“Адамдын акыл көрөңгөсү, билим дасмиясы канча экени жазганынан эле башбактап чыгып турат.”

“Калемгерди өрнөктүү иштелген тексттер гана экинчи өлүмдөн куткарып калат.”

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*