«Курманжан датка» фильми эки сыйлыкты жеңип алды

29-ноябрда Башкортостандын (РФ) борбору Уфада улуттук жана этникалык кинолордун «Акбузат» фестивалында «Курманжан датка» фильми «Элдин тарыхын даана көркөм чагылдыргандыгы үчүн» жана оператордук иши үчүн Гильвина Амированын атындагы 2 сыйлыкты жеңип алды.

Кыргыз киносун башкортостандык көрүүчүлөргө сценарийинин авторлорунун бири Бакытбек Турдубаев жана монтаждын режиссеру Элдиар Мадаким тартуулашты.

Аталган фестивалга «Курманжан Даткадан» тышкары дагы башка кыргыз режиссерлору Руслан Акундун «Өткөөл» жана Тынай Ибрагимовдун «Он үчүнчү» деген фильмдери да катышып, алар да фестивалдын башкы сыйлыктарын жеңип алышты.

Кыска метраждуу «Өткөөл» фильми мыкты операторлук иши үчүн сыйлыгын жеңип алды. Ал эми «Он үчүнчү» картинасы «Документалдуу фильмдин мыкты сценарийи»сыйлыгын алды.

27-29-ноябрь күндөрү Уфада өткөн фестивалда 11 мамлекеттин киночулары катышты. Анда жалпысынан 43 фильм көрсөтүлдү.

Булак: http://kabar.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*