А.Атамбаев: ”Түштүктө газ түйшүгүн чече турган 2 жолду таптык”

Биринчи жолу Кызыл-Кыя шаарынын жанында көмүрдөн синтетикалык газды чыгаруу боюнча завод куралы деп чечтик. Инвестор дагы табылды, ошол 200-300 миллион долларын каржылоого өзү макул. Анан ушул буюрса ушул декабрдын ортосуна чейин ошол заводду салуу боюнча Энергетика министрлиги менен ошол инвесторлордун ортосунда кол коюлат. Экинчи жолу болсо мына “Баткеннефтегаз” деген ишканабыз Баткенден газдын 1 резервин тапты. Ал анча деле көп эмес резервдер, бирок ушул түштүктү 5-10 жыл газ камсыз кылганга жетет экен. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев коомдук телеге берген интервьюсунда маалымдады.
“Баткеннефтегаз” мүмкүн өзү дагы аны иштетеби же иштетете албай коебу, ошондуктан биз аларга дагы, андан тышкары “Газпромго” кайрылдык. Ушул 5-10 жыл болсо дагы чоң завод бүткөнчө, муну дагы колдонуп, ошол жол менен да кетсек. Ушул өзүбүздөгү газды колдонсок деген сунуш менен чыгып азыр караштырып жатабыз. Ошол табылган жеринен Ошко алып барганча, андан ары Жалал-Абадка алып барганча дагы бир 200-300 миллион доллар кетет экен. Жакында кайрадан чогулуш өткөрдүм бүт адистерди, Энергетика министрлигинин чоңдорун чогултуп. Ушул эки жол менен бирдей эле кетели деп жатабыз”-деди президент өз сөзүндө.
Булак: http://kyrgyzkabar.kg/news/view/id/11193

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*