А. Жумабек уулу эр таймаш боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Актилек Жумабек уулу кулатуунун дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын версиясы боюнча (WEF1) дүйнө чемпиону болду. Чемпиондук кур үчүн беттеш 77 кг. салмак ченинде 3-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Ал АКШдан келген Шах Бобонисти бир мүнөттөн ашуун убакытта таза жеңип, бул оюн боюнча алгачкы дүйнө чемпиону болуп калды.

Бул беттештен сырткары Грузия, Кыргызстан, Казакстан жана Орусия мушкерлеринин катышуусунда он рейтингдик таймаштар орун алып, жеңүүчүлөргө кубоктор тапшырылды.

Эл аралык мелдешти эки ай мурда негизделген бүткүл дүйнөлүк эр таймаш федерациясы уюштурган. Аталган уюм кыргыздын улуттук кулатуу спортун дүйнөгө таанытуу максатында уюшулган.

Түп нускага шилтеме: http://www.azattyk.org/archive/ky-news/latest/828/828.html?id=26724312

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*