Бишкекте улуттук стилдеги “Боорсок” топмаркетинин ачылышы болду

4-декабрда Бишкектеги Лев Толстой жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде улуттук стилдеги “Боорсок” деп аталган жаңы топмаркеттин ачылышы болду.

Долбоор “ИТБ-Холдинг” ачык акционердик коому (ААК) менен “Росинбанк” ААКнын катышуусунда “SK Development” холдинги тарабынан ишке ашырылган.

“Биз ата-бабаларыбыздын элдик салтын жана кыргыз элинин маданий баалуулуктарын урматтайбыз. Бизден эксклюзивдүү, сапаттуу товарларды алууга болот”,-деп маалымдашты топмаркеттин администрациясы.

Супермаркеттин жанына 80-150 автоунаа бата турган унаа токтой турган жай ачылган. Соода түйүнүнө 25 миңден ашык товарлардын түрү коюлган. Улуттук стилде кийинген кыз-уландар келген кардарларды тейлемекчи. Ошондой эле соода түйүнүнүн интерьери улуттук стилди чагылдырып жасалгаланган.

Топмаркеттин администрациясы билдиргендей, 2015-жылдан тартып Бишкекте улуттук стилдеги 10дон ашык “Боорсок” деп аталган соода түйүндөрүн ачуу пландалууда.

Бүгүнкү ачылышка келген меймандарга ар бир 30 мүнөттө бирден утуштар ойнотулууда. Бул үчүн кардар миң сомдук товар алышы керек жана атайын купонду толтурушу зарыл. Ошондой эле бүгүн соода маркеттин ачылышынын урматына кечки саат 18:00гө чейин 4000 миң сомдон ашык соода кылган кардарларга Ысык-Көлдөгү “Каприз” эс алуу жайына жолдомо ойнотулат.

Түп нускага шилтеме: kabarordo.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*