Түрк тилдүү калктар жашаган дүйнөдөгү 14 мамлекетте жана Орусиянын субъекттилеринде Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгилене тургандыгы айтылган.
Учурда Орусиянын Красноярск шаарында Т.Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата өткөрүлө турган иш-чарага даярдыктар көрүлүп жатат.
Т.Сатылганов атындагы фонддун вице-президентти Амирбек Муратовдун айтымында, бул иш-чара «Эне-Сайга таазим» шеринесинин алкагында өтөт. Шерине 2013-жылы уюштурулган, жылына 2 жолу өткөрүлөт.
Ошондой эле, билдирүүдө айтылгандай, жакында Мухтар Атаналиевдин «Токтогул» көркөм тасмасы көрсөтүлүп, анда башкы каарман Токтогулду аткарган актер менен жолугушуу болмокчу.
Түп нускага шилтеме: barakelde.org