Кыргыз бийчилери “2014-күзгү вальс” деп аталган турнирде үч алтын медаль алды

Кыргызстандыктар Казакстандын Алмата шаарында өткөн “2014-күзгү вальс” деп аталган спорттук бий боюнча турнирде үч алтын медалга ээ болду.

Кыргызстандын бий спорту федерациясынан маалымдашкандай, турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 1 000ге жакын жуптар катышкан.

Кыргызстандыктар аталган мелдеште үч алтын медага ээ болушту.

Ошондой эле мындан тышкары кыргызстандыктар латиноамерикалык программа боюнча Казакстандын биринчилигине катышып, экинчи орунга жана коло медалга да ээ болушту.

Түп нускага шилтеме: http://www.kabarordo.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*