Жаңы жанрдагы “Аялдын күндөлүгү” аттуу китеп жарык көрдү

Aкын, журналист, жазуучу Айсулуу Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү» аттуу китеби жарекка чыкты.
Филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын пикири боюнча, чыгармада эки катмар бар: биринчиси, адамдын, болгондо да, аял кишинин жеке тагдыр тарткысы, экинчиси, доордун жүзү жана тарыхы.
“Чыгарманын жалпы духу экзистенциалдык мүнөз күтөт. Анда турмуштагы хаос жана жашоо маӊызы, адамдын күн кечирүүсүнүн көйгөйлөрү, өзүн-өзү издөөсү, абийири алдындагы жеке жоопкерчилиги сыяктуу философиялык маселелер психоаналитикалык мүнөздө көркөм сүрөттөлөт. “Колубуздагы А. Көкөеванын чыгармасы экзистенциалдык көркөм-эстетикалык багытта жазылган, кыргыз адабиятындагы жаӊыча аракеттердин бири катары кароого негиз берет”,- дейт Гүлзада Станалиева.

Түп нускага шилтеме: kabar.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*