Жомокко саякат (Сингапур таасирлери. 1-бөлүм)

Килем төшөлгөн аба майдан
Changi
Дүйнөдөгү эң мыкты абамайдандардын ичинен 2-орунда турган Чанги аэропортуна келип кондук. Учактан түшөрүбүз менен эле Сингапур суктандырып баштады. Аэропорттун ичине баштан аяк килем төшөлүптүр. Таптаза. Жаңы килемди азыр эле алдыңа жая салгандай…Мындай жерлерге мүнөздүү болбогон тынчтык. Адаттагыдай такалардын такылдагы, ары-бери карбалас жүгүрүп жүргөн жүргүнчүлөрдүн ызы-чуусу эмес жагымдуу мызыка угулуп турду. Орду менен жарашыктуу жайгаштырылган жапжашыл бөлмө өсүмдүктөрүн, түркүн түстүү гүлдөрдү көрүп узун жолчулуктун чарчоосун дароо унута түштүк. Укмуштай таза, жарык, салкын… Биринчи мүнөттөрдөн эле бейпилдиктин илебин сездик. Керектүү текшерүүдөн өткөн соң таксиге отуруп белгиленген дарекке жөнөдүк…

Кичинекей өлкө
singapore
Бир жеринде тешиги жок тегиз, шыдыр жолдун эки четиндеги күпүйгөн калың бак дарактарга суктанып бара жаттык. Биздин бул жакка биринчи ирет келгенибизди угуп айдоочу өз өлкөсүн тааныштырып баратты. ” Сингапур чакан мамлекет. Чыгышынан батышына машине менен 50 мүнөттө барууга болот. Ал эми, түндүгүнөн түштүгүнө чейин 20 мүнөт кетет… Бирок туристтер үчүн кызыктуу жерлер аябай көп. Мына бул жолду бойлой катар тизилип турган үйлөрдү мамлекет жарандарына куруп берген. Сингапур калкынын 95%нын өзүнүн үйү бар. Мыйзам катуу иштейт. Коомдук тартипти, тазалыкты бузгандар катуу жазаланат. Бирок кабатыр болбогула. Ичимдик ичпесеңер, тамеки тартпасаңар эле көйгөй болбойт. ” -деп айдоочу өз өлкөсү жөнүндө кызыктуу мааалыматтарды сыймык менен айтып бүткүчө айтылган жерге келип калдык.

“Арстандын” өлкөсү
arstan olko
Сингапур сөзү малай тилинен сөзмө сөз которгондо “арстан өлкөсү” деген маанини билдирет. Арстан негизи жомоктордо күчтүү, баарынан кыйын, башкаруучу образдарда берилет эмеспи. Атына жараша Сингапур да бардык тармактар боюнча өнүгүүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен, күчтүү мамлекет экенине күбө болдук. Алакандай аралдагы өлкө болгону менен бүгүнкү күнгө чейин адамзат ойлоп тапкан баардык жаңы технологиялардын, заманбап өнүгүүлөрдүн иш жүзүнө ашырылып, чыныгы турмушта колдонулуп жатканын ушул жерден көрөсүң. Чеги жок мүмкүнчүлүктөрдү, бейпил, бардар жашоону көрүп көзүң умачтай ачылат. 30-40 жыл мурдагы жакыр, коррупцияга белден малынган, сабатсыз, караңгы бир өлкө бүгүн бүт дүйнөнү таң калтырган ийгиликтерге жетишип, мурункудан да катуу ылдамдык менен стабилдүү түрдө өнүгүп жаткан мамлекет болуп чыга келгенине таң каласың. Жогоруда Сингапур бардык тармактар боюнча өнүгүүнүн эң жогорку деңгээлине жеткенин айтып өттүк. Сөзүбүз кур болбош үчүн алардын ар бирине далил көрсөтө кетели.

Жыргалчылыктын өлкөсү
ekonomika
Сингапур дүйнө жүзүндөгү экономикалык эркиндик боюнча алдыңкы өлкө. Бул өлкөдө 10 мүнөттүн ичинде бир ишкана ача аласыз. Элестетиңиз 10 эле мүнөт. Коррупция караандабаган, таза, адилеттүү, заманбап технологиянын жардамы менен электрондоштурулан система аркылуу 10 мүнөттө сиз жаңы ишканаңызды каттоодон өткөрүп бизнесиңизди баштай берсеңиз болот. Ошондой эле, салык системасы да өтө жеңил. Дүйнөдөгү эң жеңил, ыңгайлуу, оңой система. Сингапурда болгону салыктын 5 эле түрү бар. Мына ушундай жагдайлардан улам инвестициялык климаттын жагымдуулугу боюнча Сингапур алдына ат салдырбай келет. Бүгүнкү күндө Синагапур – финансылык кызмат көрсөтүү боюнча негизги борбор. Дүйнөдөгү ири делген банктардын, финансылык уюмдардын кеңселери мына ушул өлкөдө жайгашкан.
Билимдин өлкөсү
ntu_adm_1
Сингапур дүйнө жүзүндөгү мыкты делген, тандалма билим берүү системасын курууга жетишкен. Калкынын билим денгээли боюнча алдыңкы орундарда турат. QS World University Rankingsтин изилдөөсү боюнча Сингапур студенттер үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын үчилтигине кирген. Сингапурда жалпысынан 6 университет болсо, анын экөө дүйнөдөгү эң мыкты 100 университеттин катарында турат. Times Higher Education уюму түзгөн рейтинг боюнча Сингапур улуттук университети 25- орунда, Наньян технологиялык университети 60-орунда турат. Билимдүү адам караңгыдагы шам чырактай деп айтылган сыңары сингапурлуктардын “жарык” чачкан ар бир кыймыл аракетинен, коомдук жүрүм-туруманан билимдин кудуретин сезесиң. Билимдин күчүн, коомдук жогорку аң-сезимдин мыкты үлгүсүн көргүңүз келсе Сингапурга барыңыз.
Дени сак өлкө
sport
Сингапур эффективдүү саламаттыкты сактоо системасы менен таанымал. Сингапурда калктын орточо жашоо узактыгы 80-жашты түзөт. 2012-жылы калкынын саламаттыгы боюнча дүйнөдө биринчи орунду алган.(The World’s Healthiest Countries 2012). Мен бул нерсени өз көзүм менен көрүп ынандым. Шаардагы бакчаларда, парктарда спорт менен машыгып жүргөн адамдарды өтө көп кездештирдик. Эрте менен же кечинде сыртта спорт кийимчен жүгүрүп жүргөн адамдар мүнөт сайын жаныңдан зуулдап өтүп кетет. Карысы, жашы, аялы, эркеги, кичинекей жаш балдары да баары бирдей спорт менен алектенет. Кадимки көп кабаттуу турак жайлардын алдында волейбол, баскетбол, футбол аянчалары, балдар менен чоңдорго өз өзүнчө курулган бассейндерди көрөсүң. Анан да Сингапурда суунун үсүтүнө курулган ири футбол талаасын көрүп аябай таң калдым. Сингапур элинин спорт менен достугун караңыз, кара жер бул жакта турсун, суунун үстүнө чейин футбол талаасын курушкан. Сингапурда жашагандардын арасынан толмочураактарын жолуктуруу өтө сейрек көрүнүш. Баары арык, тың, тыкан, шамдагай. Дени сак элдин акылы тунук болооруна шегим калбады.
Маданияттуу өлкө
madaniyat
Бул тармактагы Сингапурдун жетишкендигин шаардагы музейлердин саны менен эле далилдөөгө болот. Кичинекей эле шаарда 23 музей, 13 маданий борбор жайгашкан. Мен ары таң калып, ары суктанган нерсе – Сингапурдун баардык жеринде жагымдуу, жай музыка жаңырып турат экен. Кайсы жерине барба жакшы маанай, жан дүйнө тынчтыгын тартуулаган музыка угасыз. Аэропортто, көчөдө, автобуста, үйдө, кафе, ресторандарда, ал тургай парктарда… Коомдук парктардагы жолдун эки четине күндөн, жамгырдан коргой турган чатырчалары менен атайын кoлонкалар орнотулган. Музыканын коштоосунда, укмуштай кооз, түркүн түрдөгү бак дарактардын арасында жүрсөңүз жан дүйнөңүз да, дениңиз да жыргап эс алып, сергип калат.
Жашыл өлкө
SAMSUNG CSC
Сингапур мен көргөн эң жашыл шаар катары эсимде калды. Укмуштай кооз, ар түркүн дарактарды Сингапурда кездештирдим. Асман кандай көк болсо, Сингапурда да жер, айлана ошондой эле жашыл көрүнөт. Коомдук парктарды, туристтик парктарды, алардын ичиндеги эле бир канча тематикалык парктарды айтпайлы, ар бир кварталдын өзүнчө эс алуу бакчалары бар экен. Бак-дарак тигилбеген чарчы метр жер көрбөдүм десем жаңылышпайм. Жолдордун жээктери, тратуарлар, турак- жайлардын айланасы баары жашыл. Алтургай, асман тиреген көп кабатуу үйлөрдүн балкондору, унаа токтотуучу жайлар, көпүрөлөргө чейин бак-дарак өстүрүлгөн. Сансыз сандагы жашылдыктардын жомоктогудай кооздугу…Жашылдыкты баалаган элдин маанайы, ден-соолугу, жашоосу да жакшынакай болот экен.
Толеранттуу өлкө
toleranttuuluk
Сингапур эли мени толерантуулугу менен таасирлентти. Динине, тилине, улутуна, кебетесине, кийимине карап эмес, эң биринчи кезекте адамды Адам катары сыйлай билген, адамдын Адамдыгын биринчи орунга койгон аябай адамгерчиликтүү калк экенине баа бердим. Бул өлкөдөгү диний эркиндик жана бир канча диндин диалогу, ар кандай ишенимдеги адамдардын ынтымагы таң калаарлык. Калктын 50%ы буддизм, 14%ы христианчылыкты карманганы менен андан азыраак пайызын түзгөн мусулмандага сый-урмат жогору. Мисалы, шаардын борборунда эки кылым мурда курулган мечит сакталып калган. Ал мечиттен анча алыс эмес жерден 19-кылымда курулган Хинду ибадатканасын көрдүк. Мындан сырткары чиркөө, ар кандай диний багыттагы мектептер шаарда арбын эле кездешет.
Тартип сүйгөн өлкө
Fine City
Сингапур дүйнөгө “fine city” деген лакап аты менен атактуу. Бул бир эле учурда “айып пул же штраф шаары”, анан “мыкты шаар” деген эки маанини билдирет. Мыкты шаар экенин баятан бери эле айтып жатабыз. “Айып пул шаары” деген лакаптын жөнүнө келсек Сингапурда ары катаал, ары таң калыштуу, ары күлкүлүү “штрафтардын” түрлөрү көп. Kоомдук тартипти буза турган же ага коркунуч келтирген, тургундардын коопсуздугуна, калаанын тазалыгын шек келтире турган кыймыл аракеттерге тыю салынган белгилерди кадам сайын көрөсүз. Мисалы, жабык жерлерде тамеки тартаң 1000$, таштаныларды ыргытсаң 1000$, өлкөгө сагыз алып кирсең же сагыз чайнасаң 1000$, жерге түкүрсөң 1000$ айып пул төлөйсүң. Эли да тартипке көнгөн, мыйзамды сыйлайт. Бул өлкөдө бийлик мыйзамдыкы. Маңзат колдонгондор же аны алып жүргөндөр, Сингапурга маңзат алып киргендер дароо дарга асылат. Ушундай эле өлүм жазасы коррупция менен кармалгандарга жана мамлекетке чыккынчылык кылгандарга колдонулат. Ушул себептүү Сингапур дүйнөдөгү эң коопсуз , эң таза өлкө болсо керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*