Мен жөнүндө

Саламатсызбы окурманым!
Менин аты жөнүм Нурайым Ысмайыл кызы.
1991-жылы Ош шаарында төрөлгөмүн.
2007-жылы Чүй облусуна караштуу Беловодск айлындагы “Келечек” орто мектебин аяктагамын.
2012-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөмүн.
2012-2014-жж. Марал радиосунда кабарчы, алып баруучу болуп иштедим.
Үй-бүлөлүүмүн.
Учурда БАЭнын борбору Абу Даби шаарында жашайм.
Блогумдун “Сүйүнчү, сүйүнчү!” деп аталышынын себеби Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү жалаң жагымдуу, жакшы кабарларды, позитивдүү жаңылыктарды бир жерге топтоп, бөлүшүп турам. Мындан сырткары бул блогдо ой-толгоолорум, жеке байкоолорум, мени түйшөлткөн маселелер жөнүндө жазгым келет. Менин жазгандарым окурманымда жалаң жакшы ойлорду, жакшы таасирлерди жаратып, жакшы нерселерге шыктандырса деген тилегим бар.
Мени менен ysmaiylova@gmail.com дареги аркылуу байланышсаңыздар болот.

2 Replies to “Мен жөнүндө”

Leave a Reply to Чынаркан Cancel reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*