ОшМУда алдыңкы 5 студентке 1200$ дан “Атуулдук стипендия” тапшырылды

Ош мамлекеттик университетинде студенттерге стимул берген “ОшМУнун атуулдук стипендиясынын” 3-ыйгарылышы болду.
Мында атайын комиссиянын чечими менен 27 талапкердин ичинен эң мыкты деп тандалып алынган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, мыкты окуган 5 студентке 100 доллардан жылына 1200 долларлык стипендияны ыйгаруу аземи болуп өттү.Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген, илимдин доктору, илимий чини бар, жашы улгайып калган профессор агай өзүнүн өмүр боюу жыйнаган мүлкүн банкка төгүп, аны ОшМУга мурастап, мыкты окуган, өзгөчөлүккө ээ болгон студенттерге стипендия кылып берүү оюн билдирген. ОшМУнун жетекчилигинин мындай демилгелерге жасаган дилгир мамилесинин аркасында бул стипендияны 50 жыл бою төлөөгө банк, профессор агай, университет болуп үч тараптуу келишим түзүлгөн. 2012-жылы бул стипендиянын алгачкы ээлери түзүлгөн атайын жобонун негизинде тандалып 5 студентке тапшырылган, ал эми 2013-жылы 2-жолу ыйгарылган болчу.

Түп нускага шилтеме: maralfm.kg

3 Replies to “ОшМУда алдыңкы 5 студентке 1200$ дан “Атуулдук стипендия” тапшырылды”

  1. Мне очень понравилась эта запись, я хочу предложить вам несколько интересных вещей.
    Может быть вы мог ли бы написать последующие статьи ссылающиеся на эту статью.
    Я желаю больше и больше читать об этом!!!

Leave a Reply to пейнтбольная экипировка Cancel reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*