Абу Дабидеги тумандуу таң

Абу Дабиде каар жаабайт. Бирок кыш айларында эрте менен шаарды калың туман каптап турат.

Абу Дабиде каар жаабайт. Бирок кыш айларында эрте менен шаарды калың туман каптап турат.

Туман шаардагы транспорт кыймылына оордук жаратпай койбойт. Адатта эрте менен жумушка шашып жөнөчү машинелер тумандын тарашын күтүп тизилип турган болот. Өзгөчө аба майдандардын ишине ыңгайсыздыктар жаралат. Абу Дабиге келген учактар тумандан улам коно албай, коңшу өлкөлөрдүн аба майдандарына барып конууга мажбур болот. Бир канча рейстер убактылуу токтотулат.

Абу Дабидеги эң бийик делген асмантиречтердин гана чокусу көрүнбөсө 30-40 кабаттуу имараттар толугу менен туманга чөмүлүп калат.

Абу Дабидеги эң бийик делген асмантиречтердин гана чокусу көрүнбөсө 30-40 кабаттуу имараттар толугу менен туманга чөмүлүп калат.

Бирок туманга оролгон шаар үстүртөн сырдуу, кызыктуу, анан да кайталангыс кооз болуп көрүнөт.

Бирок туманга оролгон шаар үстүртөн сырдуу, кызыктуу, анан да кайталангыс кооз болуп көрүнөт.

2 Replies to “Абу Дабидеги тумандуу таң”

  1. Нурайым, Абу Дабини туман каптабай эле, асмандан КУТ жаагансып супсулуу, кооз көрүнөт экен.Илгери биз секелек кезибизде Аксы тарапта Көл деген жайлоого чыгар элек.Дал ушинтип таң сөгүлөр маалда туман каптап, анан жарым саат өткөндөн кийин, селкинин ак көйнөгүндөй көккө серпилип, бөксөө тоонун артына сиңип кеткиче, аңырайып карап турар элем.Кадимкидей жан дүйнөмдү тазалап кеткендей жеңилдеп калар элем, мен түгул, серейген эки боз үйдүн тегереги арууланып, аба жеңилдеп, чартарабыңа атыр сепкенсип айлана магдырай түшчү.Анан малды бөксөө тоонун бооруна айдаган таятам коз алдыма келе түштү.Баканга эки чаканы илип алып, булакка тызылдап чуркап барып, укмуштай сонун тилегимди кудайдан жалбарып суранчымын.Таянем жарыктык, булакка тилегиңди айтсаң, ал сөзсүз кабыл болот деп бир сапар айтканы кулагыма сиңип калыптыр, ошо балалык баёо кезимди аябай сагындым

    • Рахмат сизге Жамилия! Бул нерсе сиздин жашоонуздагы эң бактылуу учурларды эстеткенине кубанычтамын. Сиздин сүрөттөө жөндөмүңүз мыкты экен. Баракелде!!!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*