Мигранттар да пенсия алат

Чет жакта мыйзамдуу иштеген кыргыз мигранттары эки жактан тең пенсия алса болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди. Эки жылдан бери бул багытта Кыргызстан Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал жакта мыйзамдуу иштеген мигранттар үчүн атайын эсеп бар. Мигранттар ошол жакка тапкан каражаттын кандайдыр бир пайызын салып, ал жактан пенсия алса болот. Эгерде алар Орусияга кеткенге чейин Кыргызстанда иштеген болсо, эмгектенген жылдары да кошулат. Мындан сырткары Корея менен келишим бар. Ал жакта 2 миңден ашык кыргыз жарандары документтерин толтуруп, мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланса болот. Мындан сырткары, Кыргызстанда жер үлүшү бар жарандар да чет жактан пенсия алса болот. Анткени, алардын ата-энелери ал жер үчүн мекенинде салык төлөшөт.
“Пенсиянын шарттары жыл өткөн сайын жакшырып баратат. Бул биз үчүн абдан жакшы көрсөткүч”,- дейт Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев.

Түп нускага шилтеме: ktrk.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*