Калыс-Ордо конушунда жаңы эксперименталдык мектеп cалынат

9-декабрда Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунда жаңы эксперименталдык мектептин пайдубалынын капсуласы салынды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев жана кытайлык ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макили катышты.

Бул курулуштун маанилүүлүгүн белгилеген К.Кулматов: «Бир жылдан кийин сиздер менен мектептин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарада жолугабыз деп ишенем», – деди.

Белгилүү болгондой, 750 орунга ылайыкталган жаңы мектепте жакынкы убакытта 1500дөй окуучуга билим берүү пландалууда.

Долбоор Tebian Electric Apparatus Stock Co кытайлык компаниясы тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен ишке ашып жатат.

Түп нускага шилтеме: erkintoo.journalist.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*