Кыргызстандык спортчулар Орусияда өткөн Дүйнө кубогунда командалык эсепте 3-орунду ээледи

Бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы Орусияда өткөн дүйнө кубогунда командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 7-декабрда Оренбург шаарында жыйынтыкталган мелдеште кыргызстандыктар жалпысынан 1 алтын, 1 күмүш жана 7 коло медаль алышкан. Алтынды 68 килограмм салмакта Зыямидин Сатыбеков багындырса, күмүштү 100 килограмм салмакта Тилек Куралов өз эсебине жазды. Ал эми коло медалдарды Кененбек Шамшидин уулу, Мирлан Эралиев (экөө тең 75 килограмм салмакта), Аян Эрмекбаев (82 кг), Чынгыз Чалабаев (90 кг), Чынгыз Сейитжан уулу(100 килограммдан жогорку салмакта), Элиза Абдыкадырова (58 кг) жана Нурсулу Хасенова (76 кг) сыяктуу спортчулар утушту.

Түп нускага шилтеме: super.kg

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *

*