Чөл, кум, аптап,төөлөр, жупуну кепелер…Дүйнөлүк өнүгүү агыманан алыс калган бир булуңда, куйкалаган күн ысыгында эптеп күн кечирген бир ууч адам. Мындан 30 – 40жыл мурдагы Абу Даби ушундай эле… Бирок, бүгүнкү Абу Дабини көрүп анын 40 жыл мурдагы аянычтуу абалына, ошол эле учурда, азыркыдай таң калаарлык өнүгүүсүнө ишене албай кетесиң. Абу Дабиникиндей мисалдар дүйнөдө өтө эле сейрек болсо керек. Чейрек кылым ичинде “нөлдөн” өнүгүүнүң эң жогорку тепкичине секирик жасоону – чыныгы турмушта эмес, кыялда элестетүү кыйын чындыгында. Абу Даби мына ошондой “чоң секирик” жасап, бүгүнкү күндө заманбап өнүгүүнүн бийиктиктерин багындырган легендарлуу шаар. Мурунку кумдардын ордунда бүгүн ошол “кум санындай” кызыктар…
Асман тиреген айнек үйлөр
Абу Дабинин босогосун атаарым менен эле менин көңүлүмдү бурган нерсе -шаардын архитектурасы болду. Таза, кенен көчөлөрдү бойлой тизилип турган көп кабаттуу үйлөргө көзүм түштү. Мен ага чейин көрүп жүргөн көп кабаттуу имараттарга окшобойт. Түркүн түстүү, биринен бири өтүп кооз… Төрт тарабы жашыл, көк, сары, кызыл, айтор ар түс айнектер менен капталган, жаркыраган асмантиречтер. Бири бирине окшобойт, ар бири өз алдынча кооз, уникалдуу. Чындыгында эле, Абу Дабиден окшош көп кабаттуу имараттарды кездештире албайсың. Заманбап архитектуранын жетишкентиктери менен керемет имараттар салынган. Мисалы, дүйнө жүзүндөге эң тоголок жана эң кыйшык имарат Абу Дабиде орун алган. Шаардагы үйлөрдүн дээрлик баары жаңы.
Шаар аралап…
Абу Дабиде коопсуздук аябай жакшы. Дүйнөдө кылмыштуулуктун деңгээли эң төмөн шаарлардын катарында турат. “Уурдап кетиптир” , “жоголуптур”, “уруп кетиптир”, “кол салыптыр”, “өлтүрүп кетиптир” деген сыяктуу сөздөр бул шаардын жашоочулары колдонгон лексикадан алда качан эле чыгып калгандай. Бүтүндөй шаар камералар менен жабдылган. Көчөлөрдө ар бир 100 м сайын камераларды көрөсүң. Шаар полициянын алаканында. Tургундар да, коноктор да 24 саат бою эч нерседен чоочулабай, кооптонбой ээн эркин жүрө алат.
Көчөлөрү таза, кенен, бүтүн, түнү менен да күндүзгүдөй жарык. Автоунаалардын кыймылын жөнгө салып турчу жол белгилери тийиштүү жерлерде бадырайып жазылып турат. Бул калаада машинелер аябай көп. Болгондо да 90%ынан ашууну акыркы үлгүдөгү “сырдай” машинелер. Калктын жашоо деңгээли жакшы болгондуктанбы, айтор аябай кымбат, кызык, кооз, башка жактарда сейрек эле кешдештире турган “атактуу” жеңил машинелерди Абу Дабиден көп жолуктурасыз. Мисали, “Ферраринин” санын калктын катышына эсептегенде Абу Даби дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Ушул себептүү, дүйнө жүзү боюнча Феррариге арналган эң чоң тематикалык парк Абу Даби шаарына курулган.
Абу Даби таза шаар. Көчөлөрдө, ири соода борборлорунда, коомдук жайларда, эс алуучу жерлерде жашыл формачан тазалык кызматкерлеринин таштандыларды чогултуп, тынымсыз шаарды тазалап турушат. Климатына байланыштуу бак дарактар азыраак, көбүнесе пальмалар. Чөл шартындагы шаар экенин эске алганда “өтө эле жашыл шаар” десек болот. Чоң суммадагы каражат жана өтө чоң эмгек, үзгүлтүксүз камкордук талап кылынаарына карабастан мамлекет жашылдандырууга жакшы аракет кылганы байкалат. Акыркы 10 жылда Абу Даби шаарында 42 млн, бүтүндөй Бириккен Араб Эмирликтери боюнча 80 млн даана пальма дарагы отургузулган. Бул үчүн өкмөт 3 млрд доллар каржаганы айтылат.
Кызыгы бул жакта бак-дарактардын, ар кандай жашылдыктардын,гүлдөрдүн, кыскасы өсүмдүк аттуунун түбүндө чыпалактай ичке, желим түтүктөрүнүн оролуп турганын көрөсүз. Булар аркылуу өсүмдүктөр мезгил мезгили менен сугарылып турат, желим түтүктөр болбосо алар күн ысыгында бат эле куурап жок болуп кетиши мүмкүн. Салкын айларда (биз билген кыш мезгилинде) Абу Даби ар түркүн гүлгө оронуп калат экен. Жай айларында күн өтө эле ысык болгондуктан назик гүлдөр ага туруштук бере албайт окшойт. Аптап кайтып калганда жол жээктеринде кызыл тазыл гүлдөр бажырайып, жагымдуу жыпар жып берип турат.
Акча табам десең Абу Дабиге кел
Абу Даби жер жүзүндөгү эң бай, бардар шаарлардын алдыңкы саптарында турат. Жылдык дүң өндүрүмдү шаар калкынын санына бөлгөндө жан башына түшкөн киреше боюнча дүйнөдө биринчи орунду багындырып келет. Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң бай жана коопсуз инвестициялык фонддор Абу Дабиде таандык. (2-орун). Абу Даби жалпы БАЭнин аянтынын 87% ээлейт, ошондой эле, ушул өлкөдөгү мунай запасынын 90% Абу Дабиде жайгашкан. Кирешенин негизги булагы – мунай. Мамлекеттин капчыгыңы калың болгондуктан жергиликтүү тургундарды социалдык жактан камсыздандыруунун деңгээли өтө жогору. Мисалы, өкмөт ар бир жаңы үй бүлөгө 70 000 дирхам ( 20 000 $) белекке берет. Ар бир жаңы төрөлгөн наристе үчүн мамлекеттин казынасынан 50 000 $ каражат бөлүнөт. Мындан сырткары мамлекет жарандарын мектепке чейинки башталгыч билимден тартып жогорку окуу жайларына чейин бекер окутат. Жергиликтүү калктын бир айлык орточо маянасы 10 000 $ды түзөт.
Абу Дабиде жалпысынан 1 млндон ашыгыраак адам жашаса, анын 16%ын гана жергиликтүү калк түзөт. Калганы ар кайсы өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары. Мигранттарды бул жакта эч ким өгөйлөбөйт, кемсинтпей, милициясы кодулабайт. (Салыштырып көрсөк, Орусияда Орто Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар орус милициянын кордугунан ичкени ириң, жегени желим болуп, ит көрбөгөн азаптарга дуушар болушат.) Эмгек кодекси жакшы иштегендиктен, анда белгиленген мигранттардын эмгек укуктары сыйланат, аткарылат. Мисалы, Абу Дабиде жайгашкан компания жумушчулары кайсы өлкөдөн болбосун жылына бир жолу өз өлкөсүна барып келе турган жол киресин төлөп бериш керек. Чет жакка барып иштөөнү каалагандар үчүн Орусия эмес, БАЭни сунуш кылаар элем. Бир гана шарт-аңглис тилин билишиңиз керек.
Жашыл жарыктар
Абу Дабинин өзүнө гана мүнөздүү болгон өзгөчө бир сулуулугу бар. Күн баткандан кийин шааарда көңүл көтөргөн “Жашыл жарыктар” пайда болот. Бир эле асмантиречтин айланасынан бир канча “жашыл жарыктар” жаркырай калат. Мен Абу Дабиге жаңы келген учурларда алардын көптүгүнө аябай таң калаар элем. Эмне себептен мынча көп, керектүү эле санда салып, ага кеткен акчаны башка нерселерге жумшаса болбойбу? деген суроолор жаралчу. Шаар менен кийинчерээк жакшыраак таанышкандан кийин бул “жашыл жарыктардын” ролу аябай чоң экенин түшүндүм. Менимче, Абу Дабини Абу Даби кылган акчаны, байлыкты көтөрө турган күчтү ушул “жашыл жарыктар” берип турат болуш керек. Колдогу байлыктын “оордугун” жүрөктөгү ыймандын күчү тең салмактап турбаса, акча адамды бат эле текебер, сүрсөөлөт, куучирен бир байкушка айлантып салаарында күмөн жок. Абу Дабиде кечкисин баардык мечиттердин мунараларында жашыл жарык күйүп турат…
Күмүш түстүү күлүктөр
Aбу Дабиде коомдук транспортко караганга таксилер жеткиликтүүрөк. Шаарда 10 миңге жакын күмүш түстөгү такси жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт. Ири иш-чаралар өткөрүлгөн учурларда башка шаарлардан такси жалдап турууга туура келет. Такси айдоочулары милиция кызматкерлеринике окшоп кеткен “погондуу” бирдиктүү форма менен иштешет. Таза, тыкан, эң негизгиси жүргүнчүлөрдө ишеним жаратат. Таксиге түшөөрүңүз менен маңдайыңызда айдоочунун аты-жөнү, ал такси таандык болгон компаниянын ишеним номери жазылган экран көрөсүз. Сизге жакпаган кандайдыр бир жагдай жарала турган болсо, дароо компаниянын өзүнө чалып, абалды билдире аласыз. Таксинин жол киреси орто класстагылар үчүн кымбат эмес. Күмүш түстүү күлүктөрдүн дагы бир ыңгайлуу жагы бирдик түгөнгөн же телефон чалуу мүмкүн болбогон учурларда кадимки эле телефонуңуздагы жүктөмө (приложение же ) аркылуу чакырсаңыз болот. Кайсы жерде экениңизди жана кайсы жерге бара турганыңызды белгилеп койсоңуз эле 5 мүңөттүн ичинде күмүш күлүк кызматыңызга даяр болот.
Үшүп кеттим, сыртка чыгайынчы
Абу Даби дүйнөнүн эң ысык шаарларынын катарына кирет. Бул жакта “ысык” анан “салкын” деген эки эле мезгил бар. Август айында абанын температурасы 49°Cка чейин жетет, ал эми төмөнкү делген температура декабрь айында 13-15°Cту түзөт. Климатка байланыштуу Абу Даби шаарында жашоо имараттын ичине ылайыкташтырылган. Ысыкта жүрүүгө зарылчылык жок. Ичте салкындыкты өзүң каалагандай жөнгө салып алсаң болот. Анткени, иматтардын баары “кондиционерлештирилген.” Үй курулуп жатканда эшик, терезеси сыяктуу эле кондиционер да сөзсүз коюлат. Сыртта коомдук транспорт, такси, машинелер ар дайым аба салкындаткыч менен жүрөт. Ал тургай шаардагы аялдамаларга чейин аба муздаткыч коюлган. Адатта биз үшүгөндө жылынуу үчүн ичкериге шашсак, бул жакта тескерисинче “үшүп кеттим, сыртка чыгайынчы” деп эшикке чыгууга ашыгасың.
Эн мыкты денгээлде суроттоптурсунуз!
Сүрөттөө стилиңиз жакты. Калемиңиз курчуй берсин урматтуу Нуркалем!