Салижан агайдын сабактары: Кыргыздар жөнүндө

Петр Чаадаевдин “Ата Мекенди алдагандан көрө айыбын төк” деп айтканындай, Салижан агай да улутташтары тууралуу айрым чындыктарды тайманбай, болгонун болгондой айткандан жазганбаптыр. Оор болсо да бул кемчиликтерибизди кабыл ала билсек түзөлүү жолуна түшөрүбүз бышык…

“Кыргыздын тапкан-ташыганын салт-сабыры эле жеп атат. Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап. Баарын ошолор жейт, аш-той, кургак намыс жейт.”

Сураганыбыз карыз, бергенибиз – той. Биз тойго тойбой койдук.”

“Кыргыздын иштеген ишинен башкарган кишиси көп.”

“Мээнеткечтик жагынан өзүбүз менен аралаш жашаган баардык элден арттабыз. Муну мойунга алышыбыз керек. Орусту айтпай эле коёлу, мынабу дунгандан, өзбектен начар жашайбыз. Себеби, начар иштейбиз, алардай ийилчээк, эпчил эмеспиз.”

“Эмгек кылууну Америкадан, Жапониядан үйрөнүп эмне кылабыз, арабызда турган дунгандан эле үйрөнүшүбүз керек. Мына дунгандар Акаевди сөккөн жок, совет өкмөтүн сөккөн жок, тумушуна нааразы болгон жок. Өкмөттөн жалдырап тыйын сураган бирөөнү көрдүңөрбү? Аларга социализм да, капитализм да баары бир, иштеп атат. Орусуңду да, кытайыңды да, кыргызыңды да сөкпөй эле жанын багып атат.”

“Кыргыз өзүнөн башканын баарына нааразы.”

“Багы жок элдин баатыры көп, ары жок элдин акыны көп.”

“Бизде билим алуу чын эле “ийне менен кудук казгандай” татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак.”

“Кыргыз же күндөлүк жазбайт, же эскертүү калтырбайт, же чындыкты айтып өлбөйт, ошондуктан көп турмуштук чындыктар тарыхта калбай атпайбы.”

“Көбүбүз айкын аңдай албай келе жаткан армандуу чоо-жайыбыз ушул: өзүбүз Борбор Азиядагы эң аз сандуу калк экенбиз, тоо-таштуу туюк Ата-Журтубуз нефть, газ, металл сыяктуу кымбат табият байлыктарына жана берекелүү түзөң мейкиндиктерге жарды экен. Алла Таала бизге цивилизациялуу колу-коңшуларды да ыраа көрбөптүр. Мындай кысталаң жагдайда биздин укум-тукумдар колун да, башын да тындырбай иштетип, ата-бабалардын теңирден тетири үрп – адаттарын чанып, адамзаттын илимий, техникалык, технологиялык табылгаларын дурус өздөштүргөндө гана жакырчылык ичинде чайналбай күн көрө баштайт.”

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*