Абу Дабинин аптаптуу жай күндөрү. Куйкалаган күндүн ысыгына нымдуулук үстөк болуп сыртка чыгууга дээрлик мүмкүндүк бербейт. Эшикке чыга калганда кимдир бирөө ысык сууда чыланып турган шейшепти алып келип бүт денемди орой салгандай сезилип кетет. Ушул себептүү, сейилдеп баскым келгенде арга жок спорт залды көздөй жөнөйм.
Спорт зал биз жашаган имараттын так чокусунда, 50-кабатта жайгашкан. Кирерим менен эле адаттагыдай Апас Жайнаковдун өзүнүн аткаруусундагы “Кыргыз жерин” коюп, кулакчындарымды тагындым. Спорттук жабдыкты жай жүрүүгө ылайыкташтырдым да, шашпай алдыны көздөй жөнөдүм. Жай баракат басып бара атам, кулагымда соңку кездерде тажабай, кайра-кайра уккан “Кыргыз жери” жаңырууда. Айнек дубалдардан шаар алаканга салгандай көрүнүп турат. Биринен бири өткөн кооз, ар кыл түстөгү айнек асмантиречтер, кыдырата тизилген көп кабатуу имараттар, кенен, жайык көчөлөрдөгү машинелердин кымгуут кыймылы, шаарды туш тарабынан чулгап турган көкмөк деңиз… Кыскасы, бүтүндөй сулуулугу менен көз алдымда Абу Даби чалкып жатат. Чындыгында, тамшанта тургандай абдан кооз көрүнүш.
Бирок, эмнегедир көңүлүм бул кооздукту этибарга алгысы жок. Кулагымдагы музыканын ыргагы менен өз мекенимин сулуулугу көз алдыма тартылат. Ак калпакчан ала тоолорун, жапжашыл жайлоолорун, шаркыраган мөлтүр кашка дарыяларын, кокту-колотко жыш толгон арча, карагайларын, Ысык- Көлүмдү элестетем. Кайра-кайра элестеткенден ырахат алып, аз мурун сагынычтын жашы тоголонуп өткөн жүзүмдө жылмаю пайда болот. Көңүлүм мына ушул “бейиш бакчасынын” кооздугунан көзүн алгысы келбейт. Кыргыз жеримдин көркү көз алдыма тартылган сайын, алдымда чалкып турган шаардын кунары качып, өз өлкөмдүн кооздугу алдында бул жактын кооздугу абдан эле жупуну болуп калды…
“Кыргыз жерин” кайра баштан койдум. Көзүмдү жумуп кыялымда Кыргызстанымдын сулуулугуна суктануу менен дагы бир кыйла баса түшкүм келди…