Балалык кезимдеги жайлоодогу ушул көрүнүш көз алдыма тартыла берет негедир. Таң эртеден ар бир чатырды кыдырып ичип, эрте мененки бал кымызга кампайганан кийин айылдагы эркек атуунун баары чалгы, бишилигин өңөрүнүп алып ишке жөнөп кетишер эле. Апаларыбыз менен майда-чүйдө балдар анан кыз-келиндер калчубуз. Күн көтөрүлүп, мал-кел жайытка айдалып, бээ байланып, чоң казан менен бир болуп мелтилдеп турган сүт тартылып бүтүп, күндө кайталанчу негизги делген жумуштар жайгарылган соң кичи шашкеге жакын конуш жымжырт боло түшчү. Мына эми көчүк басалы дегиче болбой, Кумайык баштаган айылдагы башка иттер алыстан көргөн бир атчандын караанынан шекшип, адаттагыдай көзүнөн заары чачырап үрүп башташат. Биринен бири өтүп, бири-бирин ээрчип, коштоп үрө беришип жанагы жымжырттыктын ордун кулак кужурун алган ызы-чуу басып калат. Бул дагы эч нерсе эмес, жанагы алыстан көрүнгөн атчандар айылга жакындап кирип келгенде андан бетер тажаалданып, эч нерсеге ээ-жай бербей өтүп бара жаткан аттардын жал куйругунан ары-бери тарткылап, арсылдаганын койбогон иттер жолоочуну, анан калса иттен тозуу үчүн колуна тийген бакан, таягын ала чуркаган кыз келиндерди да боз ала кылып жиберишер эле. Демейде, жерди бутуң менен бир таптап койсоң кыңшылап ары басып кеткен Кумайык бул учурда каны кайнаган чыныгы жырткычка айланып кетчү…
Мен ал кездерде иттердин мындай “итчилиги” алардын табиятындагы “территория белгилөө, өзү жашаган аймактын чегин сызуу” деген жапайы инстинктке байланыштуу экен билбептирмин. Көрсө алар “мен жашаган аймакка кирүүгө акыңар жок, биздики бизге гана тийиштүү, биздикилерден башкасы баары душман” деген инстинкт менен чоочун бирөөнү көрсө ошентип моокуму кангыча тажаалданып, жырткыч болуп калчу экен. Жапайы жаныбарларда, жырткычтарда ушундай “территория белгилөө, биздикилерден башкасы баары душман” деген инстинкт болоорун жакында мага Абу Дабидеги абройлуу бир университетте иштеген бир профессор айтып берди…
Бул нерсени уккандан кийин менде мындай бир ой жаралды. Ушул “жердешчилик” деген иттик касиет кенен жайылып, терең тамыр алып калгандыктан Кыргызстан итке минген турмуштан кутула албай жүрсө керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттин ишин жүргүзгөн мамлекеттик органдарда билими күчтүү, мекен үчүн иштейм деген, жөндөмдүү, иштин көзүн билген дилгирлер эмес, көбүнчө тааныш-билиш, жердешчилик байланыштар аркылуу келген билими аз, замандын күрөө тамырын кармап ойлоно албаган, акча, атак-даңк үчүн арам жолдордон артка кайтпаган мококтор отурары эч кимге жашыруун эмес. Бул нерсени далилдөө майдан кыл сууругандай эле оңой. Бир министрликти, бир облустук администрацияны же бир акимчиликти алып, ал жерде иштеген “жасалма кадрлардын” жөн-жайын териштирип көрсө, кимиси ким аркылуу, кайсы жолдор менен келгени айдан ачык эле көрүнүп калат. Жердешчилик – итчилик экенин далилдөөгө толгон токой негиздер бар деп ойлойм. Жердешчилик – өнүгүүнүн эң айкын, ишенимдүү жолу болгон адилетүү, таза атаандаштыкты четке кагуу. Бул “иттин сапаты” же бардык кадрларын жеке байланыштары, жердиги аркылуу тандаган “иттин сапаты менен иттин деңгээлинде” жүргөн атка минерлер болбогондо, балким колунан да, оюнан да, тилинен да иш келген мыктылар келип, өлкөнүн жүгүн көтөрүп алдыга сүйрөп кетмек. Жердешчилик – бул адамдардын тең укуктуулугун тааныбоо. Жердешчилик – адамдын тегине, жердигине, улутуна, динине карабай ар кандай адамдан турган команда менен иштеше албаган алсыз, тайыздардын куралы. Жердешчилик- 21-кылымда биринчи сапка чыккан адам таануу илимине кыянаттык. Жердешчилик – бүгүн кыргыз мурда-кийин болуп көрбөгүндөй муктаж болуп турган – биримдиктин, бүтүндүктүн душманы. Муну баары иттик эмей эмне? Эгер адамдын акылы, жөндөмү, таланты анын жердигине байланыштуу болсо, эмдигиче Таластан тизилген Чыңгыздар, Алайдан далай Курманжандар, Баткенден эчендеген Искактар, Ысык- Көлдөн канчалаган Касымдар чыкпайт беле?!…