Сиз иштеген жерде “Китеп бурчу” барбы?

Абу Дабидеги Нью-Йорк университетинен жакшы бир жөрөлгөгө күбө болдум. Атайын “Китеп алмашуу” бурчу бар экен. Эгер кимдир бирөөдө мурун окулуп бүткөн китептери, журналдары болсо аларды ушул китеп текчелерине алып келип таштап, өзүндө жок башка кызыктуу китептерди алса болот. Китеп алуу үчүн сөзсүз китеп таштоо шарт эмес, каалаган китебиңди алып окуп бүткөндөн кийин кайра алып келип койсоң болот. Эч ким текшербейт, бирок эң таза, күчтүү көзөмөлчү – абийирдин сөзүн угуш керек! Мага абдан жакты. Университеттер эле эмес, ар бир өзүн сыйлаган мекеме ушундай бурч ачып алса сонун болчудай. Кызматкерлер бош боло калган учурда аз да болсо китеп окуп же баягы эле саясатты сүйлөшүүнүн , кимдир бирөөнүн кемчилигин издөөнүн ордуна окуган китептери, чыгармалары, журналдары жөнүндө баарлашса кандай жакшы болмок!

20150222_193359

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*