Үй-бүлө деген ыйык уямды куруп, жаңы турмуш жолуна аттанып, башыма ак жоолук байландым. Жаңыдан келин болуп келгенден кийин үйдө да, сыртта да, жумушта да, достор менен жолугушуп калганда да, айтор бардык жерде ак жоолугум менен жүрдүм. Ак жоолук салынып жаңыдан турмуш жолуна түшкөндөгү сүйүнүчүм да кошо жүрдү албетте. Ак жоолугум менен телегейим тегиз болуп, жан дүйнөм болуп көрбөгөндөй жагымдуу бейпилдикке бөлөнүп эле калды. Ошол эле учурда, ак жоолугум айрым мен күтпөгөн нерселерге да дуушар болду.
Ак жолугумду салынып алып адаттагыдай эле шаардын ызы-чуусуна аралашып күнүмдүк иштер менен алек болуп баштагамын. Башымы бир карап, жаңы келин экенимди түшүнүп акырын жылмайып койгондор аз эле болбосо, мени көргөндөрдүн көбү эле көздөрүн алайтып таң калып өтүп кетишет. Айрымдары мурдун чүйрүп “бул дагы эмнеси” дегенсип жактырбаган түр менен карашат. Кээ бирлери суроолуу көз караштары менен бир аз тигиле калып, анан жанындагысына бирдемелерди шыбырай салат. Алар го мейли, бейтааныш адамдар экен, досторумун жемесичи. “Сен эми Бишкекте туруп айылдыктарга окшоп ушинтип жоолукчан жүрөсүңбү? Чечип эле салсаңчы!” деп урушуп киришет. Айрымдары “Силерде салт ушундайбы? Сөзсүз салыныш керекпи? Качан чечесиң?” деген сыяктуу толгон токой суроолорду жаадырышат.
Бирок, алар бир нерсени билишкен жок.
Ак жоолугум кимдир бирөөнүн же кандайдыр бир салттын мажбурлоосу эмес, өзүмдүн жеке каалоом эле. Себеби, болочок үй- бүлөмдүн босогосун жаңыдан аттаганда Апам сүйүнүчү койнуна батпай, буту жерге тийбей жүгүрүп келип, акактай аруу тилектери менен ак жоолукту салган. Ал Апамдын ак батасы, келечекте бактылуу өмүрлүк жарлардан болушубузга арткан үмүтү, ишеничи болчу.
Ак жоолугум өзүмүн да жаңы үй-бүлөгө, жаңы турмушка болгон аруу сезимимдин, таза, тунук ниетимин, ак тилектеримдин белгиси эле. Ак жоолугум алдыдагы турмуш жолубуз ар дайым аппак гүлдөргө төшөлүп турсун деген ыйык мүдөөмдүн символу болчу. Ошол үчүн мен аны башымдан түшүрбөй, бийик кармаганга аракет кылчумун. Экинчиден, ак жоолук байланып, жаңыдан келин болгондогу сезимдер өмүрдө кайра кайталанбаса керек. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин кааласаң да ак жоолукту такай салына албай каларың бышык. Андыктан, ал “доорду” да бардык деми, кубанычы менен сүрүп калууга татыктуу.
Мени тааныган окурмандарда “Эмнеге азыр андай эмес?” деген суроо жаралышы мүмкүм. Ар кандай жашоо шартына байланыштуу ак жоолукту ар дайым салынып жүрүүгө мүмкүн болбосо да, ал азыр менин жүрөгүмдө! Мен аны эч качан жүрөгүмдөн түшүрбөйм!
Азаматсың Нурайым! “Свадебные платья” деп кыялданган кыздар бир аз ойлонуп калаар)) Ак жоолукчан жаш жубайды көрүү көзгө кандай жагымдуу. Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн!