16 жаштагы кыргыз футболчу Орусиянын Премьер-лигасында дебют жасады

16 жаштагы кыргыз футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын Премьер-лигасында татарстандык “Рубиндин” курамында дебют жасаган эң жаш футболчу болуп калды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, жарым коргоочу катары ойногон И.Ахметов октябрь айында “Мордовия” менен оюнда майданда 5 мүнөт, андан соң 3-декабрь күнү “Зенит” менен оюнда жарым саат өткөрдү.

Кошумчалай кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы 31-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Башта “Алга” футболдук клубунун академиясында машыгып, кийин Орусияга жөнөгөн.

Түп нускага шилтеме: super.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*