«Манас» эпосу адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмесине киргизилди

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Манас» дастанын тизмеге киргизүү жөнүндө тастыктама КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү Нурбек Сатвалдиевге салтанаттуу тапшырылды. Анын айтымында, бул тизмеге кыргыз элинин дагы башка мурастарын киргизүү демилгелери мындан ары да ырааттуу улантылмакчы.

«Манас» эпосунан сырткары, адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмесине Г.А.Товстоногов атындагы Санкт-Петербург Чоӊ драма театры, Царский селодогу Екатерина сарайы, Санкт-Петербург шаарындагы Исаакиевский собору, Левашов мемориалдык көрүстөнү, Грозный шаарындагы «Чечен жүрөгү» мечити, А.С.Пушкин атындагы Бүткүл орусиялык музейи, Екатерина Төмөнкү атканасы, Истрадагы Жаӊы Иерусалим кечилканасы киргизилди.

Бул тизмеге кирүү ошол чөлкөмдөгү (шаардагы, аймактагы, өлкөдөгү) бийлик органдарынын ата-бабадан мурас калган руханий баалуулуктарды, маданий дөөлөттөрдү сактоо жана андан ары өнүктүрүү жигерин көрсөтөт

«Манас» дастаны – дүйнөдөгү эӊ ири жана өтө көркөм чыгарма – манасчы Саякбай Каралаевден жазылган варианты 500553 ыр сабынан турат: санскриттик «Махабхарата» эпосунан эки эсе чоӊ.

Адамзаттын руханий мурастар аймактары ЮНЕСКОнун колдоосу менен жана баалуулук принциптеринин негизинде түзүлөт. Дүйнөлүк мурастар объектилеринин тизмесин иштеп чыгууда ЮНЕСКО тажырыйбалары эске алынат.

Түп нускага шилтеме: kabar.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*