Путин мигранттарды милдетүү медициналык камсыздандыруу мыйзамына кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин эмгек мигранттары үчүн милдетүү медициналык камсыздандыруу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС булагы кабарлоодо.
Маалыматка ылайык, эми чет элдик жарандар менен эмгек келишимин түзүүдө сөзсүз түрдө өз калоосу менен милдетүү медициналык камсыздандыруу полиси же кызмат көргөзчү медициналык мекемелер менен келишими болушу керек. Экөө тең жок учурда чет элдик жумушчунун медициналык кызматын иш берүүчү тарабынан төлөнөт. Ишке жалдагандар жумушчунун полиси же иштөөгө берилген мөөнөтү, патенти бүткөндө иштен кетирүүгө милдеттүү. Иштен кетирүүнүн алдында да орточо айлыгынын эки жумалык компенсация төлөшү шарт.
Бул документ Орусиянын эмгек министрлиги тарабынан даярдалды. Министрликтин адистеринин айтымында, бул жаңы эрежелер чет элдик жумушчу күчтөрү рыногун легалдаштырууга жардамчы болот. Эмгек министрлиги азыр Орусияда 3,5 млн чет элдик жарандар иштеп жүргөндүгүн билдирүүдө.

Булак: www.kabarordo.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*