Бишкегим мен Сени жакшы көрөм. Кароосуз калган оорукчан адамдай кумсарып, боппоз болуп турсаң да, таштандыларга толгон өңгүл-дөңгүл көчөлөрүңдүн чаңы сапырылып турса да, баары бир мен Сени эч бир шаарга алмаштырбайм. Сен менин шаарымсың, башкасын кой, ошол көчөлөрүңдүн убагында жийирткенткен чаңы да меники. Түркүн түстүү айнек менен шөкөттөлгөн, укмуштай кооз асман тиреген көп кабаттуу үйлөр эки четине катар тизилген таптаза жолдор менен бара жатып Сенин чаңдуу көчөлөрүңдү эстейм. Бул жакта чаң таппайсың, тапкан күндө деле ошол чаң да (жада калса) меники эмес экенин ойлонуп Сенин баркыңды көбүрөөк сезгендей болуп калам…
Курулушу, архитектурасы, инфраструктурасы, калкыны жашоо деңгээли укмуштай өнүккөн шаарларды көрүп бир жактан кубанып, суктансам, экинчи жактан БИШКЕГИМДИ эстеп капа болом, ызалаңам, арданам…Ушул жашка келип өзүмдүн борбор шаарым үчүн пайдалуу нерсе жасап, анын өнүгүшүнө “кенедей” салым кошпогонум үчүн катуу өкүнөм, өзүмдү күнөөлүү сезип жемелейм…Кечирим сурайм Бишкегим…
Өнүккөн шаарлардай Сени күнү-түнү жапжарык кылууга азырынча жардам бере албасам да, жапжашыл, бак-дарактуу шаар кылууга жардам бере алат экемин. Буйруса, мындан ары жыл сайын колумдан келишинче бак тигип турам деп сөз берем Сага!