Ошто кир жуугуч машине чыгарыла баштады

Ош шаарында кытайлык “Жин Мей” заводу жарым автомат үлгүсүндөгү кир жуугуч машине чыгара баштады. Ал жерде күнүнө 100гө жакын кир жуучу машина жасалат. Маалымдалгандай, эки апта ичинде эле 500дөн ашык кир жуугуч машине жасалган.

Машина жакынкы аралыкта Кыргызстандын базарларына чыгарылат. Анын бир даанасы 85-90 доллардан сатылат.

Тажикстанга да экспорттоо пландары бар.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*